«Мир» телеканалынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси алмашты

14:20, 30 марта 2023, Бишкек - 24-kg.com

«Мир» телеканалынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Динара Сүймалиева кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү 24-kg.com агенттигине билдирди.

Динара Сүймалиева өз эрки менен кызматтан кеткен.

Анын ордуна Нурдин Урмамбетов дайындалды.