Токой чарбасы Баткендеги «Айгүл-Таш» коругун үч жылга жапты

10:02, 31 марта 2023, Бишкек - 24-kg.com

Баткендеги «Айгүл-Таш» коругу үч жылга жабылды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Токой чарбасынан билдиришти.

Корук 1-апрелден тарта жабылат. Чечим сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн сактоо үчүн кабыл алынды.

Айгүл - кызыл китепке кирген, сейрек кездешүүчү өсүмдүк. Ал Кыргызстанда Баткен тоолорунда гана өсөт.