Баткенде 16 тонна өзгөн күрүчүн ташып бара жаткан аткезчи кармалды

11:43, 31 марта 2023, Бишкек - 24-kg.com

Баткенде 16 тонна өзгөн күрүчүн ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, 30-март күнү облустун аймагында аткезчилик жол менен жүк ташып бара жаткан унаа кармалган.

Андан 2 млн сомго жакын 16 тонна контрабандалык жүк табылган.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.