Жалал-Абадда 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала изделүүдө

16:29, 03 апреля 2023, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абадда 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, 13 жаштагы М.Ф. аттуу бала Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылынын тургуну.
Аны издөөгө 100 адам тартылды.