Ошто Футбол академиясынын машыктыруучусунун сөөгү иш бөлмөсүнөн табылды

12:14, 25 апреля 2023, Бишкек - 24-kg.com

Ошто Футбол академиясынын 27 жаштагы машыктыруучусунун сөөгү иш бөлмөсүнөн табылды. Бул тууралуу маалыматты 24-kg.com агенттигине Ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Темирлан Бактыбек уулунун каза болгону боюнча милицияга 23-апрелде кабарланган.

Машыртыруучунун өлүмү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.