120 миң үй-бүлөгө 10 литрден өсүмдүк майы таркатылат

09:48, 04 мая 2023, Бишкек - 24-kg.com

120 миң үй-бүлөгө 10 литрден өсүмдүк майы таркатылат. Бул тууралуу Министрлер кабинети жыйында чечим кабыл алды.

Жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган.

Буга чейин минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2023-жылы 10 миң үй-бүлөго 100 миң сомдон жардам берилерин айткан.

Белгилей кетсек, Минкаб Өнүгүү эл аралы ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алды. Аны аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, анын ичинде 3 миң жаранга 100 миң сомдон кайтарымсыз жардам көрсөтүүгө багытталары маалымдалган.