19:48
USD 87.45
EUR 100.46
RUB 1.08

Ысык-Көлдө бактарды кыйып, жайыт жерин иштеткендер аныкталды

«Мурас» кыргыз мүнүшкөрчүлүк борборунун экологияга 7 миллион 700 миң сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын маалыматында, президентинин иш башкармасынын алдындагы «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айыл аймагынын «Мурас» Кыргыз мүнүшкөрчүлүк борбору ЖЧКсы тарабынан бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, жайыт жерлеринин топурактары иштетилгени белгилүү болду.

УКМКнын билдирүүсүндо, зыяндын орду толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар