Талас шаарында Тоо театрларынын республикалык фестивалы өтүп жатат
09:52, 26 мая 2023, Бишкек - 24-kg.com
Таласта Тоо театрларынын II Республикалык фестивалы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын 15 жылдыгынын урматына арналды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана туризм министрлиги билдирди.
Иш чарага Нарындын, Оштун, Жалал-Абаддын жана Чүйдүн театрлары катышууда.
Фестивалга Казакстандан Жамбыл облустук А.Токпаев атындагы музыкалык драма театры конок катары чакырылган.
Тоо театрларынын II Республикалык фестивалында төмөнкү сыйлыктар тапшырылат:
— Мыкты режиссура;
— Мыкты сценография;
— Мыкты музыкалык жасалгалоо;
— Эркектердин образын мыкты жараткандыгы үчүн;
— Аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн ;
— Эркектин экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн ;
— Аялдын экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн;
— Эпизоддук ролду мыкты жараткандыгы үчүн;
— Эң жакшы дебют үчүн;
— Көрүүчүлөрдүн симпатиясы.