Мээрим Жуманазарова мурдун канжалаткан казак балбаны Елена Шальгинаны жеңди

15:20, 02 июня 2023, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдешинде Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт.

Ал казакстандык балбан Елена Шалыгинаны 1:1 эсебинде жеңип, монгол атаандашына утулуп калды.

Белгилей кетсек, Астанада өткөн таймашта Елена Шалыгина Мээрим Жуманазарованы башы менен сүзүп, мурдун канжалаткан. Мурдунан кан токтобой беттеш токтотулуп, коло байге казак балбанына ыйгарылган.