Ноокат жолунун курулушун Камчыбек Ташиев көзөмөлдөйт

09:45, 08 июня 2023, Бишкек - 24-kg.com

Ноокат жолунун курулушун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

«Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык, Ноокаттагы жолдун курулушун жеке көзөмөлүмө алдым. Ал 1- сентябрга чейин бүткөрүлөт», — дейт ал.