Ош милициясы ЖРТда эң көп балл алган Кызжибек Жээнбекованы куттуктады

13:41, 23 июня 2023, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы республикада жалпы республикалык тестирлөөдө эӊ жогорку балл алган Ош шаарындагы С.Киров мектебинин бүтүрүүчү Кызжибек Жээнбекованы куттуктады.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары аталган мектептин аттестат тапшыруу салтанатына катышть.
Ал Кызжибек Жээнбековага, ата-энесине, класс жетекчисине белектерди тапшырды.