00:46
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Чолпон-Ата шаарында скутер сүзүп кеткен экөө көз жумду

Чолпон-Ата шаарында скутердеги адам үч жаранды сүзүп кетти. Алардын экөөсү ооруканада көз жумду. Маалыматты 24-kg.com сайтына Жалпы дарыгердик практика борборунун жетекчиси Алмира Алдашева ырастады.

Окуя кечээ, 25-июлда катталган.

Маалыматта айтылгандай, жаракат алгандар үчөө: эки кыз жана бир жигит. Экөөсү оор жаракаттан улам каза болушту.

Ал эми кыздардын бирөөсү азыркы учурда хирургия бөлүмүндө. Абалы туруктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар