Садыр Жапаров Германияга учуп кетти. Делегациянын курамы

12:24, 28 сентября 2023, Бишкек - 24-kg.com

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлинге учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

  • биринчи айым Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президентти администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
  • экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.