09:31, 12 октября 2023, Бишкек - 24-kg.com
«Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион өттү деп таанылды. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигинен кабарлашты.
Электрондук соодага эки компания катышкан: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК, «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жеңүүчү болуп, компания үчүн 14,8 миллиард сом сунуш кылган.