11:56, 16 октября 2023, Бишкек - 24-kg.com
Россия Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, Кыргызстан менен Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин тик учак Бишкекке алынып келинди.
Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды.