17:32, 23 октября 2023, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте саат 18:00дөн кийин троллейбустар убактылуу иштебейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык бардык троллейбус каттамдары техникалык себептерден улам саат 19.00 гө чейин токтотулат.
Муниципалитет 24-kg.com агенттигине бул убакыттын ичинде электр чубалгылары текшерилерин билдирди.