Бишкекте министрликтердин биринин кызматкери баңгизат менен кармалды

17:19, 30 октября 2023, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте министрликтердин биринин кызматкери баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 34 жаштагы мамлекеттик кызматкер 22-октябрда болжол менен саат 21:40 чамасында Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда кармалган. Ал тоголоктошкон формадагы кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган.

Кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10 даана баңги каражаттары табылып, алынган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар «ооган чарсы» деп аталары аныкталган.

ИИМ. Кармалган жаран
ИИМ. Алынган баңгизат

Шектүү соттун чечимине ылайык Бишкектеги тергөө абагына киргизилип, кылмыш иши козголду