01:01
USD 87.45
EUR 102.40
RUB 1.12

Бишкекте үч жашар кызды соода борборлордун биринен уурдап кетишкен

Бишкекте кечээ үч жашар кызды уурдап кетишти. Маалыматты 24-kg.com агенттигине Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кыздын апасы милицияга кайрылып, Жибек-Жолу проспектисиндеги соода борборунун оюн залдарынын биринде белгисиз адамдар кызын уурдап кетишкенин айткан.

Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси «адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Издөө иштеринин натыйжасында эки шектүү — 13 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы Р. М. аттуу жарандар кармалып, укук коргоо органдарына жеткирилди. Окуянын чоо-жайы такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар