10:11, 24 ноября 2023, Бишкек - 24-kg.com
Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 9:30да алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Бишкек — Ош жолунун керектүү тилкелерин кардан тазалап жатышат. Мындан тышкары, инерттүү материалдар себилип жатат.