Белгилүү кыргыз сүрөтчүсү Байыш Исманов дүйнөдөн кайтты

11:57, 12 декабря 2023, Бишкек - 24-kg.com

Белгилүү кыргыз сүрөтчүсү, Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү, көптөгөн ата мекендик фильмдердин сүрөтчү-коюучусу Байыш Исманов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com сайты билдирди.

Байыш Исманов эл аралык кинофестивалдарда лауреат болгон «Белгисиз маршрут», «Эдемге жол», «Кумар», «Түнкү кырсык» сыяктуу тасмаларды тартууга катышкан.

24-kg.com агенттиги Байыш Исмановдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.