Бишкекте Арстан Алай жоголуп кетти. Аны издөө багыттамасы социалдык тармактарга жарыяланды.
Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы милицияга жоголгон адамды издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен арыз түшкөнүн 24-kg.com агенттигине ырастады.
Ал 13-декабрда 8.30да үйүнөн чыгып кеткен. Кара спорттук костюм жана кара кроссовка кийип жүргөн.
Анын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар 0312433275 жана 0558262829 номурлары аркылуу милицияга кайрылууну суранышат.




