10:57, 15 декабря 2023, Бишкек - 24-kg.com
Информатика боюнча Алматыда өткөн XV Евразиялык олимпиадада кыргызстандык окуучулар байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бир команда алтын, эки команда күмүш, дагы үч команда коло медалга ээ болду.
Эл аралык турга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 75 команда, жалпысынан 213 окуучу катышты.
«Олимпиаданын максаты — окуучулардын маалыматтык компетенттүүлүгүн калыптандыруу, окуучулардын маалыматтык маданиятын өнүктүрүү жана эсептөө илимдери, компьютердик моделдөө жана маалыматтык технологиялар жаатындагы эң таланттуу жаштарды аныктоо», — деп белгилешти мекемеден.