05:02
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Мамлекеттик дарыканалардагы дары-дармектер үчүн карыз 2 миллион сомду түздү

Мамлекеттик «Эл Аман» дарыканаларындагы дары-дармектер үчүн карыз 2 миллион сомду түздү. Бул жөнүндө 24-kg.com басылмасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, 15 күндүн ичинде «фармацевтикалык компаниялардын алдында бир дагы карыз болбойт».

«8-9-январда банктар ачылат. Биз толугу менен төлөп жатабыз, 2 миллион сом калды. Акча бар. Баары ачык-айкын», — деди министр.

Ал кошумчалагандай, республика боюнча 55 мамлекеттик дарыкана ачылды. Дары-дармектердин түрү 800дөн 1,5 миңге чейин көбөйдү.

Белгилей кетсек, интернетте дарыканалар ачылып, бирок фармацевтикалык компаниялар менен эсептешүүгө акча жок деген маалымат пайда болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар