Мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын кирешеси 28,3 миллиард сомду түздү

10:34, 23 января 2024, Бишкек - 24-kg.com

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун таза кирешеси 28,3 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, республикалык бюджетке дивиденд түрүндө 16,8 миллиард сомдон ашык каражат которулган.

Мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 2023-жылы 4,1 миллиард сомдон ашты.

«Мамлекеттик компаниялардын жана ишканалардын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү тийиштүү көзөмөл жана финансылык тартипти бекемдөө аркылуу жакшырды», — деп белгиледи мекеме.