Тик учактын кыйрашы. Аскер прокуратурасы иликтөөнү улантууда

15:40, 24 января 2024, Бишкек - 24-kg.com

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн МИ-8 тик учагынын кулашы боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү (учуу же ага даярдык көрүү эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө 24-kg.com агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

«Иликтөө улантылууда, бир катар зарыл экспертизалар дайындалып, сурактар жана зарыл тергөө иштери жүрүп жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 17-январда абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кулап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10 адам жабыркаган