Бүгүн түнү Бишкек жылуулук электр борборунда авария болду. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар 5-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлдү. Бул жөнүндө 24-kg.com агенттигине мэриядан билдиришти.
Маалыматта балдарды онлайнга которуу чечими кабыл алынганы белгиленди, бирок бул ЖЭБдеги аварияга байланыштуубу же жокпу тактала элек.
Социалдык тармактарда төмөндөгүдөй билдирүүлөр таратылууда:
ЖЭБдеги жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.