Экс-депутат Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылды

11:18, 26 февраля 2024, Бишкек - 24-kg.com

Ноокат райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты. Маалыматты 24-kg.com басылмасына анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева тастыктады.

Анын айтымында, райондук соттун чечимине каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берилди.

Белгилей кетсек, 18-августта Жогорку сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген № 4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган. 29-августта аны Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка алып кетишкен. Ага шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча айып тагылган.

Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болгон.