Катуу шамалдан кийин ооруканага 24 адам кайрылган

13:28, 29 марта 2024, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте жана Чүй облусундагы катуу шамалдан кийин 24 адам ооруканага кайрылган. Бул жөнүндө 24-kg.com басылмасына Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, төрт адам ооруканага жаткырылды, алардын абалы орто. Калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Жабыркагандардын арасында башынан жаракат алганы, сынык, сыйлыруу менен кайрылгандары дагы бар.

Жабырлануучулардын бири шаардык балдар ооруканасында, бир бейтап Улуттук госпиталда, дагы экөө медициналык тез жардам ооруканасында жатат.

Эске салсак, кечээ катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.