15-апрелге карата Кыргызстанда кызамык оорусунун 8 миң 209 учуру катталды. Бул жөнүндө 24-kg.com агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Эксперттер мурдагыдай эле кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатканын билгилешүүдө.
«Бунун себеби — оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын арасында вирус кеңири жайылып жатат», — деп белгиледи мекеме.
Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүп жатат. Мекеме ата-энелерди балдарын эмдетүүгө чакырат. «Балаңызды эмдетүү менен сиз аны жана анын айланасындагыларды коопсуз жана олуттуу оорудан коргойсуз», — деп белгиледи борбор.