01:18
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 68ге жетти

«Улуу-Тоо» ресторанында уулангандардын саны 68ге жетти. Бул жөнүндө 24-kg.com агенттигине ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Эске салсак, ресторанда бир жумада эки жолу массалык уулануу болгон. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык, ресторанга 13 миң сом айып пул салуу токтому чыгарылган.

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузган коомдук тамактануу жайларга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар