11:41
USD 87.45
EUR 101.58
RUB 1.07

2024-жылы Кыргызстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык вирусунан эки ымыркай чарчап калды. Маалыматты 24-kg.com агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова тастыктады.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар бир жашка чыга элек болгондуктан эмдөө алышкан эмес.

Буга чейин маалымдалгандай, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада кызамыктын 7 миң 46 учуру, 2024-жылдын 7-апрелине карата 8 миң 209 учуру катталган. Алардын 37,5 пайызын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түзөт.

Өткөн жылы кызамыктан 1 жаштан 18 жашка чейин 8 бала каза болуп, беш айлык бир наристе чарчап калган.

Саламаттык сактоо министрлигине балдарды кызамыкка каршы эмдөө жана оорунун алдын алуу боюнча ишти күчөтүү тапшырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар