Кыргызстанда канча диний уюм бар?

19:17, 07 июня 2024, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда 4216 диний уюм бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын орун басары Канатбек Мидин уулу билдирди.

Ал депутат Улан Примовдун суроолоруна жооп берип жатып, коммиссиянын каттоосунда 4 216 диний уюм бар экендигин анын 3500ү мечиттер экендигин айтты.