Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды

16:15, 18 июня 2024, Бишкек - 24-kg.com

Алмамбет Шыкмаматов мамлекет башчынын жардамчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгонун 24-kg.com агенттигине президенттик аппараттан тастыкташты.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын сентябрынан тарта Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияны жетектеп келген. Буга чейин Юстиция министри, Өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, парламенттеги «Ата Мекен» фракциясын жетектеген.