16:49
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Муфтият ажылыкка кеткен кыргызстандыктар боюнча маалымат берди

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы ысыктан улам ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.

Маалыматка ылайык, 6 миңден ашык кыргызстандык зыяратчы ажылык сапарда жүрөт.

«Ажылыкка кеткен кыргызстандык зыяратчылар 22-июндан тарта мекенибизге кайта башташат. Алардын алгачкы тобу Оштогу аэропортко келет. Быйылкы жылы 6060 жараныбыз Сауд Аравияда ажылык амалдарын аткарып жүрүшөт», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сауд Аравиядагы ысыктан улам ажылык учурунда кеминде 550 зыяратчы каза болгондугун чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар