ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

09:55, 20 июня 2024, Бишкек - 24-kg.com

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-23-июнда күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.