Бишкекте көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери башталды

13:53, 20 июня 2024, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаарынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы «Тазалык» ишканасы менен биргеликте Октябрь районундагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Эски металл конструкциялардын ордуна эми заманбап LED экрандары коюлуп, шаардын көрүнүшүн жаңыча жана жагымдуу кылат», — деп белгиледи мэрия.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Жарнак такталарын демонтаждоо

Учурда тургундарга ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүрүп жатат.

Жарнамалык структураларды жаңылоо бул — Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу борборго айландыруунун дагы бир кадам болуп саналат.

Бишкек мэриясы

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски көрнөк-жарнактарды 31-августка чейин толугу менен алмаштырууну тапшырган.