ЖК Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерин мэриянын балансына өткөрүүнү жактырды

17:14, 27 июня 2024, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңеш Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтерин мэриянын балансына өткөрүүгө макулдук берди. Депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Жылуулук борборлорунан тышкары «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасы да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өтүүдө.