Бишкектин No13 мектебинен эвакуациялоо токтотулганын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 24-kg.com басылмасына билдирди.
Буга чейин мектептин аймагы курчоого алынып, бардык окуучулар жана кызматкерлер чыгарылып кеткени айтылган.
ИИМ билдирүүсү: бүгүн, 3-сентябрда болжол менен саат 10.45те Москва көчөсүндөгү мектептердин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, кинологдор жана саперлор барган. Издөөдөн эч нерсе чыккан эмес — жардыруучу түзүлүш табылган эмес.
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат, чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат.