15:33, 18 сентября 2024, Бишкек - 24-kg.com
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги бир нече микрокредиттик компаниялардын кеңселерине мөөр басты. Бул тууралуу маалыматты 24-kg.com басылмасына өздүк булактар тастыкташты.
Алардын айтымында, «М Булак» жана «АБН» фирмаларынын кеңселеринде тинтүү иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, компаниялар документтерди бурмалаган деп шектелүүдө.
Бир нече жылдан берки бухгалтердик китептер, компьютерлер жана башка документтер алынган.