Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү соттолгон адамдан 1 млн сом талап кылышкан

10:06, 23 сентября 2024, Бишкек - 24-kg.com

Өлкөдөгү түзөтүү мекемелеринин биринде уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөлөрү Камчы Көлбаевден опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталганын ИИМдин басма сөз кызматы 24-kg.com басылмасына билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери атайын кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте дагы бир соттолуучудан коркутуу жолу менен 1 миллион сом талап кылган камактагылардын кылмыштуу аракеттерин токтотушту. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси боюнча иш козголду.

Ал эми соттолгон экөөнө кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шериктештерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө