Кайрадан жол эрежесин бузуу. Бишкекте автобус каршы тарапка чыгып кетти

10:22, 27 сентября 2024, Бишкек - 24-kg.com

Чүй проспектиси менен Шопокова көчөсүнүн кесилишинде No227 автобустун айдоочусу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу видеону 24-kg.com басылмасына окурман жөнөткөн.

Кадрларда автобус кош катуу сызыктан өтүп, каршы келе жаткан транспорттун бүтүндөй тилкесин ээлегени көрүнүп турат.

Эске сала кетсек, 25-сентябрда мэр Айбек Жунушалиев жол кырсыктары көбөйүп жаткан муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына сөгүш жарыялаган. Мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосун күчөтүү тапшырмасы берилген.