Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ноябрда Кыргызстанга келет

15:10, 27 сентября 2024, Бишкек - 24-kg.com

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен 5-6 ноябрда келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жана «Мекенчил» тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги буга чейин маалымдагандай, 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт.