21:16
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бишкекте Ала-Тоо аянтын оңдоп — түзөөнүн экинчи этабы пландалууда

Бишкекте «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоонун экинчи этабы, тактап айтканда, Киев көчөсүнөн баштап «Илбирс» имаратынын фасадын жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман реконструкцияланган борбордук аянтта кемчиликтер бар экенин билдирген.

Муниципалитет 2024-жылы Ала-Тоо аянттын реконструкциялоонун биринчи этабы ишке ашырылганын, анын ичинде Чүй проспектисинин жээгиндеги «Илбирс» имаратын жана аянтты оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Фасадды оңдоо чарбалык субъектилердин эсебинен жүргүзүлдү», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Мэрия экинчи этап качан башталаарын азырынча айта элек.

Эң көп окулган жаңылыктар