Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга өлкө боюнча 10 муниципалдык бала бакчанын курулушуна 2 миллион доллар грант бөлөт. Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары жактырды.
Депутат Дастан Бекешев 24-kg.com басылмасына бул грант 25 миллион доллар насыя менен бирге бөлүнөөрүн жана 40 айыл өкмөтүндөгү ар кандай социалдык долбоорлорго жумшалаарын билдирди.
Анын айтымында, долбоорлордун ар бирине 450 миңден доллар бөлүнөт.


