Жогорку Кеңеште мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлык акысы айтылды

11:45, 07 октября 2024, Бишкек - 24-kg.com

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилери айына 20 миң сомдон 25 миң сомго чейин маяна алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Анын айтымында, филиал жетекчилеринин айлыгы 35 миң сомго жетет.

Депутаттар Айсулуу Мамашованын мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун карап жатат.

Эл депутаты Элдар Абакиров мамлекеттик ооруканалардагы дарыгерлердин айлыгын көтөрбөй мыйзам кабыл алынса, анда кесипкөйлөр жеке секторго кетиши мүмкүн экенин белгиледи. Ал учурдагы айлыкка дагы 40-50 миң сом кошууну сунуштап жатат.