13:06, 11 октября 2024, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаарынын бардык азык-түлүк базарларында эт саткан социалдык аянтчалар уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жарандар этти «Аламүдүн», «Орто-Сай», «Ош», «Чынар», «Ак-Эмир» жана «Дордой моторс» базарларында жайгашкан социалдык аянтчалардан ортомчусуз, белгилеген баада сатып ала алышат.