02:39
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Эртең Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Эртең, 22-октябрдан тарта Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Маалыматты 24-kg.com баасылмасына борбор калаанын отун-энергетика комплекси боюнча вице-мэри Талайбек Байгазиев тастыктады.

Ал белгилегендей, алгач социалдык-маданий объектилер, андан кийин турак жайлар кошулат. Карызы барлар акыркы жолу кошулат.

Эске сала кетсек, буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев шаарга жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштаарын билдирген. Мэрия шаардын отун-энергетикалык комплексинин кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар