09:44, 25 октября 2024, Бишкек - 24-kg.com
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Эл аралык футбол ассоциациясындагы жаңыланган рейтингинде 103 орунга чыкты. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайтында жазылууда.
Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы буга чейинки рейтингтин чыгарылышына салыштырмалуу 3 сапка көтөрүлүп, 103-орунду ээледи. Кураманын капчыгында 1207 упай бар.
АФК зонасында курама 17-орунда.