Акыркы суткада Кыргызстанда 73 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталганын 24-kg.com басылмасына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрүнүн соңунда Кыргызстандын аймагында «Бахус» аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анда жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкталды.
Анын ичинен:
мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,
карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;
ылдамдыкты ашырып айдаган 432 айдоочу;
терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;
тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.
Ошондой эле 234 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.