Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайы унаа кыймылы үчүн жабык

13:14, 31 октября 2024, Бишкек - 24-kg.com

Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаалар үчүн жабык экенин 24-kg.com басылмасына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан 130-чакырымына чейинки бөлүгүндө таш кулатуу иштерине байланыштуу бүгүн саат 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Жол инспекторлору айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылууга жана сапарды алдын ала пландаштырууга чакырат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.